• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сапар Исаков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумга айыпталуучу Сапар Исаков келген жок. Ал эксперттер Хафизов менен Асанов суралгандан кийин гана көрсөтмө бере тургандыгын айткан.

Адвокаттар билдиришкендей, үстүдө аты аталган эксперттер суралмайынча Исаков көрсөтмө берүүдөн жана отурумга катышуудан баш тартууда. "Бул анын конституциялык укугу", - деп билдирди адвокат Нурбек Токтакунов.

Судья айыпталуучу көрсөтмө берүүдөн баш тартса болот, бирок процесске катышуусу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий