• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сатыбалдиев кайрадан айыпталуучуларга кишен салбоону суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү иштери уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумдун башталышында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соттон дагы бир ирет айыпталуучулардын колуна кишен салбоону суранды.

“Мен соттон бизге “бриллиант кол жасалгаларын” салбоо маселесин карап чыгууну суранам. Мен өтүнөм. Кечээ мен ыкчам жыйын өткөрүп, сот бул маселени чече ала тургандыгын билдим. Анткени, сот бул жерде мыйзамдын негизги өкүлү болуп эсептелет”, - деди ал.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий