• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сот танапис жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө.

Сотко айыпталуучулардын көптөгөн тарапташтары, туугандары, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келген.

Отурумдун жүрүшүндө прокурорлор тарабынан айыптын бир бөлүгү окулган. Андан соң, сот түшкө чейин танапис жарыялады.

Эскерте кетсек, "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий