• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сотто мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетов сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөр сурак берүүдө. Бүгүн сотко мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетов чакырылган.

"2010-жылдан тарта 2012-жылга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштедим. Андан кийин министр болдум. ЖЭБдин реконструкциясы 1987-жылдан бери жүрүп, болжол менен 2010-жылдан тарта айрым компаниялар ЖЭБдин реконструкциясына кызыкдар экендигин билдирген кат жиберишкен. Негизинен алар россиялык, эки кытайлык, анын ичинде TBEA жана япониялык компания болгон", - деди ал.

Ал белгилегендей, анын убагында да сунуштар айтылган каттар келген. Бирок, чечим кабыл алынган эмес.

Автандил Калмамбетовдун айтымында, толук кандуу техникалык экономикалык негиздеме болгон эмес.

Ошондой эле ал кызматта турган кезинде Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча жакшы сунуш келбегендигин айтып өттү.

"Эгер катта бир сумма көрсөтүлүп, так эсептер жок болсо, ал ниет кат деп эсептелет. Ал олуттуу сунуш эмес. Ошондуктан реалдуу варианттарды көргөн эмесмин деп айта алам", - деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий