• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Соттук отурум башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум башталды.

Сотко айыпталуучулардын көптөгөн тарапташтары, туугандары, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келген.

Отурумдун жүрүшүндө адвокаттардын бири Канат Джайлов - мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин коргоочусу айыпталуучуларды темир тор артында камабай, чыгаруу боюнча өтүнүч келтирди.

"Айыпталуучулар эч кандай коркунуч туудурбайт. Аны менен бирге зал ичинде, сыртында да кароол турат. Тор артында кармап туруу чарасы айыпталуучулардын ар-намысына шек келтирет", - деди ал.

Ошентип, адвокат соттон анын өтүнүчүн канааттандырып,айыпталуучуларды соттун чечими чыкканча бошотуп турууну суранды.

Джайловдун өтүнүчүн мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов колдоп чыкты. Аларды калган жактоочулар коштоп кетти.

Мамлекеттик айыптоочулар бул өтүнүчкө каршы чыгып, камоодо тургандар айыпталып жаткан кылмыш өтө оор деп эсептелерин айтты.

Сот Инара Гилязетдинова, коргоочуларды угуп, бул өтүнүч эрте келтирилгенин жана 312-берененин тартибине туура келбей турганын белгилеп, андыктан ал каралышы болбой турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий