• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: ТВЕА компаниясы - Кытайдын эмес, биздин тандоо

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Суракка Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Феликс Кулов чакырылган.

Анын айтуусу боюнча, кытай тарап ТВЕА компаниясын сунуштаган, бирок аны тандоого буйрук берген эмес.

“Бир мамлекетке башка мамлекет буйрук бере албайт, ал суверенитетти бузуу болуп саналат. Тандоо дайыма биздин колдо болгон. Кытай бизге ТВЕА компаниясын тандоодо шарттарды сунуштап, ошондуктан биз аны тандадык. Бул мамлекет аралык мамилелер”, - дейт экс-депутат.

Кулов кошумчалагандай, ратификациядан кийин техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) иштеп чыгарылмак, ошол кезде баардыгы тездетилип жаткан. “ТЭНди иштеп чыгууга убакыт кетет, бирок, ал объектиге жараша бир жыл же андан азыраак убакыт кетиши мүмкүн”, - дейт ал.

Ал ЖЭБди модернизациялоо улуттук стратегияда да жазылгандыктан, аны муктаждык болчу деди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий