• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: ТВЕАнын өкүлү Атамбаев менен Исаковду жакшы тааный турганын айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Бүгүн ТИМдин мурунку кызматкери Талант Султанов көрсөтмө берүүдө. Ал ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек менен кайдан таанышкандыгын айткан. Султановдун айтуусу боюнча, ал мурун Урумчи шаарында КР ТИМдин визалык пунктунун жетекчиси болуп иштеген.

Ал Макелек менен Урумчиде иштеп жүргөндө таанышкандыгын билдирди.

“Макелек биздин кеңсеге келип, ТВЕА компаниясынын өкүлү экендигин айтып, бир нече кытай кызматкерге виза жасоону суранган. Ал түшкү тамактануу учурунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иштер башталгандыгын жана Исаков менен Атамбаевди жакшы тааный турганын айткан”, - деди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий