• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Отурумда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтуусу боюнча, жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Судья кеңешчү бөлмөгө кирип, азырынча чыга элек.

Ал бүгүн соттук отурум болбоорун айтты.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий