• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Жактоочулар Исаковдун саламаттыгына байланыштуу сот өндүрүшүн токтотууну суранышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум башталды. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кылмыш иштин өндүрүшүн убактылуу токтотууну суранышууда.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтуусу боюнча, анын кардары ден соолугуна байланыштуу отурумга толук катыша албай, ошол себептен өз укуктарын толук кандуу коргой албай жатат. “Ошол себептен мен Исаковдун саламаттыгы боюнча Улуттук госпиталга билдирүү жөнөтүп, ишти токтото турууну суранам”, - дейт ал.

Исаков белгилегендей, ал өзү да соттун эртерээк бүтүүсүнө кызыкдар, бирок, саламаттыгына байланыштуу убакыт берүүнү суранууга аргасыз.

Мамлекеттик айыптоочулар дарыгерлердин корутундусун алып келүүнү суранышты.

Сот тараптарды угуп, жактоочуларга жана айыпталуучуга анын саламаттыгы тууралуу дарыгерлердин аныктамасын алып келүүнү талап кылды.

Кийинки отурум 18-сентябрь күнү саат 14:00 уланат.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий