• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Жактоочулардын кармашы уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Азыркы кезде ЖЭБдин ошол кездеги директорунун орун басары Осмонбек Бакиев көрсөтмө берүүдө.

Сурак алуунун жүрүшүндө Сапар Исаков күбөгө суроо узатты – сиз азыр кайсы жерде иштейсиз? – Бакиевдин айтуусу боюнча, ал учурда жеке компанияда эмгектенет. Кайсы компанияда экендигин ал тактаган жок. “Менин оюмча, бул сотко эч кандай тиешеси жок”.

Исаков анын учурдагы жумуш ордун текшерүү боюнча сотко өтүнүч келтирди. Анын айтуусу боюнча Бакиев учурда Артыкбаевге таандык компаниялардын биринде иш алып барат. Ошол себептен анын көрсөтмөсүн бир жактуу кабыл алууга болбойт.

“Бул жерде бирөөлөрдүн күбөсү жок. Күбө калп көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу эскертилген. Бул жерде тартыш жок”, - деди судья.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий