• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Жактоочулардын келбегендигине байланыштуу Жогорку сот отурумду жылдырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.20./Кабар/. Бүгүн Жогорку сотто Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто судья Жаңыл Мамбеталы төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу, прокурор Эрнест Асакеев билдиргендей, жыйынга айыпталуучулар Исаков, Сатыбалдиев жана Бримкуловдун жактоочулары Жоошев, Токтакунов, Эшперов жана Бабаевдердин келбегендигине байланыштуу отурум 16-июнга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду; - «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду. Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий