• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциядагы Атамбаевдин ролун УКМК менен прокуратура текшерет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, Исаков коррупцияны уюштурганга айыпталууда.

"Бизде анын Атамбаев менен кат алышуусу бар. Экс-президент боюнча материалдар өзүнчө ишке алынган", - деди ал.

Бул маселе боюнча депутат Алмазбек Токторов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин уулу Сагынбектен ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциянын башында ким турганын сураган.

"Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси барбы жана анын иш-аракеттерине юридикалык баа берилгенби?", - деп суроо узаткан депутат.

"Тергөөнүн жүрүшүндө айрым чиновниктердин бузуулары аныкталган. Биз аларды өзүнчө ишке бөлдүк. Муну мыйзам жолу менен чечип, бул иш боюнча Атамбаевдин президент болуп тургандагы иш-аракеттерине юридикалык баа берүү зарыл", - деп айткан Самидин уулу Сагынбек, Атамбаевдин экс-президент деген макамы бар экенин белгилеген.

Ага карата Токторов экс-президентти жоопкерчиликке тартууга болорун билдирди.

"Ооба, биз анын иш-аракеттерине юридикалык баа берип, сиздерге билдиребиз", - деди Самидин уулу Сагынбек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште "Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү" ЖКнын токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Пикир

Оставить комментарий