• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ТЭЦин оңдоого бөлүнгөн каражат натыйжасыз колдонулуп келген – Башкы прокурор

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ - ТЭЦ) оңдоого бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз колдонулуп келген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Бишкек ЖЭБин оңдоого 400 млн. сом бөлүнүп келген.

"Ар кандай жалган компаниялар аркылуу каражаттар ар кайсы максаттарга сарпталчу. Тергөөнүн жыйынтыгында жаңы жагдайлар ачылган. Бир катар кызмат адамдарына кылмыш иши ачылган", - деди башкы прокурор.

Ошондой эле ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун алкагында техникалык жабдыктар жогорулатылган баада алынып, мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирилгенин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште "Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү" ЖКнын токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Пикир

Оставить комментарий