• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек ЖЭБине даярдалган көмүрдүн сапаты өзгөчө текшерилет — Бекмурзаев

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бишкек ЖЭБине даярдалган көмүрдүн сапаты өзгөчө текшерилет. Бул тууралуу КР энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Жумгал районундагы Кара-Кече кениндеги «Ак-Жол» жана «Шарбон» көмүр кесиминин иши менен таанышкан учурда билдирди.

Доскул Бекмурзаев көмүрдүн сапатына өзгөчө маани берүү керектигин белгиледи.

«Бишкек ЖЭБине ташылып жаткан көмүр өзгөчө көзөмөлгө алынат. Буга чейин топурак аралашкан учур катталган. Ошондуктан тазалоо иштери дыкат жүргүзүлүшү зарыл. Стратегиялык жана социалдык мекемелерге ташылган кара алтынды гана эмес, жарандарга сатыла турган көмүрдүн сапаты да катуу текшерилет», - деди министр.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБине бир сезондук жылытуу мезгилине ата мекендик өндүрүштөн чыккан 1 миллион тонна көмүр колдонулат. Анын 950 миң тоннасын «Кара-Кече» көмүр кени камсыз кылат. Калган 50 миң тоннасы «Таш-Көмүр» кенинен ташылат. Мындан тышкары ЖЭБке 643 миң тонна импорт көмүрү колдонулат.

Энергетика жана өнөр жай министри көмүр каза турган компаниялардын маселелерин дагы угуп, министрликтин деңгээлинде карала турган бардык көйгөйлөр чечилип жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий