• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу план менен жүрүүдө – Энергетика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы калкты жана Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу ишин улантууда. Бул туралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык складда запаста турган көмүрдөн тышкары азыркы саатта, 18-январга карата Бишкек ЖЭБинде Кара-Кеченин 35 вагонго жүктөлгөн көмүрү жана Казакстандын Кара-Жыранын 38 вагонго жүктөлгөн көмүрү бар.

“Ал эми “Аламүдүн” станциясында 60 вагон көмүр турат. Ошондой эле “Пандж Шер” компаниясынан төрт вагон көмүр келди. Мындан сырткары, Балыкчы станциясында 20 вагонго жүктөлгөн көмүр жөнөтүүгө даяр турат. Ошондой эле Балыкчыда көмүр жүктөө тынымсыз жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик көмүр жетиштүү деңгээлде келгенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий