• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек ЖЭБси жылуулук мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 11.10.2017 /Роман Гайнанов - Кабар/. Бишкек ЖЭБси 2017 жылуулук мезгилине даяр. Бул тууралуу пресс-турдун жүрүшүндө ЖЭБ директору Өмүркул уулу Нурлан билдирди.

Анын айтымы боюнча, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү план боюнча кетип жатат.

“Азыр көмүр, газ жана мазутту алып келүү уланууда, мүчүлүштүктөр жок, график боюнча иштеп жатабыз. Жылуулукту берүү үчүн мэриянын буйругун күтүп жатабыз”,-деди ал.

Маалым болгондой, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет.

Пикир

Оставить комментарий