• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек жылуулук электр борборунда көйгөй жаралды, үйлөрдө жылуулук азаят

Коом 0

Бишкек. 26.01.19 /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборунда (ТЭЦ) кайрадан көйгөй жаралып, "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасы жылуу суу берүүнү убактылуу токтотту. Борбор калаанын түштүк тарабындагы үйлөрдө жылуулук азаят.

"Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча, тармактык суу менен камсыз болуучу түтүктөрдө көйгөй жаралды. Мындай мүчүлүштүк жылуулук электр борборун модернизациялоо учурунда кеткен. Азыр аны комиссия текшерип жатат.

Бишкектин түндүк тарабында суу өчүп, түштүк бөлүгүндө жылуулук азаят. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү суу токтойт.

Азыр оңдоо иштери жүрүп, кечки саат 21:00 чейин бүтүрүү пландалган.

Эске салсак, бир күн мурда борбор калаанын бир нече кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калган.

Бир жыл мурда, 2018-жылдын 26-январында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар тургундары бир жумадай жылуулуксуз калышкан.

Пикир

Оставить комментарий