• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Бишкек жылуулук тармактары” Фрунзе көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. “Бишкекжылуулуктармактары” ААКсы 17-27-июнь күндөрү Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов менен Тыныстанов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилине даярдануунун алкагында, гидравликалык текшерүү иштеринин жүрүшүндө магистралдык жылуулук түйүнүнө зыян келтирилген. Буга байланыштуу 17-июндан 27-июнга чейин аталган көчө тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлүп, бирок, жол жабылбайт.

Пикир

Оставить комментарий