• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Бишкек жылуулук тармактары": Март айындагы жылуулуктун баасы ылдый болот

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Абанын температурасы климаттык нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Бишкекте март айындагы жылуулуктун баасы ылдый болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан билдиришти.

Ошондой эле ишканадан белгилешкендей, жылуулук акы 1-18-март жана 25-31-март күндөрү, жалпы 25 күн үчүн алынат.

"Шаар тургундарында жылуулук, ысык суу берүү, төлөмдөр боюнча суроолор жаралган учурда же эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүү үчүн 1980 же 61 11 69 телефон номерине кайрылса болот. Аны менен бирге эсептегичтин көрсөтмөлөрүн www.teploseti.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу жиберсе болот", -деп билдирет ишкана.

Ишкана, 1-4-апрелде аба температурасынын төмөндөшү күтүлүп жатканын эскертип, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн үйдө болууга чакырат.

"Жылуулук, ысык суунун акысын электрондук капчык, интернет банкинг, төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө болот", - деп билдирет ишкана.

Пикир

Оставить комментарий