• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бишкек жылуулук тармактары" Тоголок Молдо көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсы 19-27-июнь күндөрү Тоголок Молдо көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштери Токтогул менен Манасчы Сагымбай көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жүрөт.

"2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануунун алкагында, Тоголок Молдо көчөсүнүн Токтогул менен Манасчы Сагымбай көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде гидравликалык текшерүү иштеринин жүрүшүндө жылуулук түйүнүнө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, ал жерде 19-27-июнь күндөрү оңдоо иштери жүрүп, жол жабылбайт.

Пикир

Оставить комментарий