• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Бишкекасфальтсервис» ишканасына жаңы башкы инженер дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Турак-жай коммуналдык чарба боюнча калаанын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамаатына жаңы башкы инженер Миназаров Конокбай Мукашовичти тааныштырды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Конокбай Миназаров жол-курулуш тармагында 1995-жылдан бери эмгектенет. Ал 2010-жылдан 2019-жылга чейин «Жол сыноо лабораториясы» муниципалдык ишканасын жетектеген.

Дайындоолор боюнча буйрукка калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий