• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын бөлүм башчысы пара менен кармалды - фото

Коом 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган 46 жаштагы К.М. Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылган.

Анын 2000 долларын 2018-жылдын аягында алган.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий