• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекбашкыархитектуранын эки кызматкери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери (Финполиция) тарабынан Бишкекархитектуранын эки кызматкери 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Финполдун маалыматы боюнча, 22-сентябрда 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен “К.Т.”, аттуу жаран кармалган, ошондой эле анын шериктеши “Р.М.” 500 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалышкан. Кармалгандардын экөө тең Бишкекбашкыархитектуранын башкы адистери болушкан.

Маалыматка ылайык, Финполго Д.А., аттуу жарандан арыз түшүп, анда архитектура-техникалык чечимди оң жагына чечип берүү үчүн кызматкерлер 2 миң АКШ долларын талап кылып жатышат деп жазылган.

Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий