• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке “Жибек жолу 2017” үй-бүлөлүк-туристтик авто жарыш келет

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Бишкекке 14-июлда эл аралык “Жибек жолу 2017” үй-бүлөлүк-туристтик авто жарышы келет. Ал 1-июлда Уралдын борбору Екатеринбургдан чыккан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Авто жарыш Урал-Казакстан-Кыргызстандын Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында болушат. Авто жарышка 7 адам 4 унаа катышууда.

Аталган иш чаранын максаты аталган өлкөлөрдүн ортосунда туризмди бекемдөө, дени сак жашоо образын жана саякатты даңазалоо болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий