• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке 14 жаңы троллейбус келди

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Бишкекке учурда 14 жаңы троллейбус келди жана дагы бешөө жолдо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек троллейбус башкармалыгынын (БТБ) директору Артур Өмүрзаков билдирди.

Калаадагы автопаркка 52 жаңы атайын техника келмек, бирок өлкөгө анын аз гана бөлүгү келди. Унааларды даярдоо иштери менен Беларусиянын ишканалары алектенүүдө – 15, Россия– 37 даана.

Өмүрзаков билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин алардын бардыгы Бишкекке келет.

“Бишкекке келген 14 троллейбустун бардыгы каттамга чыгып, калкты тейлеп жатат”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, Европа өнүктүрүү банкы БТБнын өнүгүүсү үчүн 52 троллейбусту сатып алууга 7 млн. евро бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий