• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке 15 млн сомго 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.06.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” мекемеси “А” классындагы тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, шаарга 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда. Ал үчүн 14 млн 739 миң 996 сом каралган.

Сынактык билдирүүлөрдү калтыруунун акыркы мөөнөтү – 15-июль.

Пикир

Оставить комментарий