• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке 600 экоавтобус келип, маршруткалар шаардын сыртына чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарына жыл аягына чейин 600 экоавтобус келип, маршруткалар шаардын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет.

“Биз маршруттук таксинин жетекчилери менен жолугуп, жыл аягына чейин автобустар келерин айтып, 100 кичиавтобустун ордуна 10 автобусту алып иштеткиле дедик. Анткени маршруттук таксилер шаардын сыртына чыгарылат. Калаанын негизги бөлүктөрүндө автобустар жүрө баштайт. Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатабыз, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 100 автобуска каражат берилерин айткан. Жалпы 500-600 автобус каттамга чыгат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий