• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги жана Чүй облусундагы оор кырдаалга байланыштуу дарыгерлердин жалпы мобилизациясы жарыяланган.

“Ысык-Көл облусунан - 35, Талас облусунан - 23, Нарын облусунан - 20, Чүй облусунан – 4, Баткен облусунан - 5 медицина кызматкери келген. Ошондой эле Россиядан 23 медик келген”, - деди ал.

Акматова кошумчалагандай, региондордон көбүнчө орто медициналык персоналдын өкүлдөрү келишкен жана зарыл болсо, алар өз аймактарына кайтышат.

Пикир

Оставить комментарий