• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке БАЭден жана бир катар өлкөлөрдөн 159 кыргызстандык келди

Коом 0

Бишкек, 17.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) «Дубай – Бишкек» багыты боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Кыргызстандын 159 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарап менен жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен транзиттик которулуп түшүү менен Кыргызстанга биздин жарандар АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея Республикасы, Вьетнам, Япония, Мальдив, Бахрейнден келишти.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 24 жана 31-июлга пландаштырылган, бул каттам менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз байланышты калыбына келтирген Кыргыз Республикасынын жарандары кайта алышат. Ошондой эле жарандар авиабилеттерди сатып алууда түздөн-түз авиакомпаниялардан Дубай шаарындагы транзиттик каттамдардын камсыздалышын жана каттамдын уча турган уруксатын тактоолору керек. Дубай аэропортунда транзиттин болуусу Бишкек шаарында ташып чыгарылуучу каттамдын учуп чыгуусуна чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Дубайдын аэропортунан бардык жүргүнчүлөрдөн коронавируска карата экспресс-тесттер алынды, алар терс жыйынтык көрсөткөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий