• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Баткенден атайын борт менен дагы 24 жабырлануучу жеткирилди

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарына Баткенден атайын борт менен дагы 24 жабырлануучу жеткирилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учрунда билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучулардын 19у Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, үчөө Улуттук госпиталга, бирөө Улуттук хирургиялык борборго, дагы бирөө гемодиализ борборуна жаткырылды.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркап Бишкекке жеткирилгендердин саны 49га жетти. Алардын ичинен Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 33 бейтап, гемодиализ борборуна бирөө, калгандары саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууда”, - дейт ал.

Солтонбекова Баткенге Бишкек, Талас жана Оштон 33 медкызматкер жөнөтүлгөнүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий