• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Белоруссиядан жана Россиядан 37 жаңы троллейбус алынып келди

Коом 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. Бишкекке Россиядан жана Белорустан 37 жаңы троллейбус алынып келди. Техника Европалык реконструкциялык жана өнүктүрүү банкы каржылаган “Бишкектин коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоору боюнча сатылып алынган.

15 троллейбус Белоруссиянын “Белкоммунмаш” ачык акционердик коомунан, 22 троллейбус Россиянын “Тролза Маркет” жоопкерчилиги чектелген коомунан алынып келинген.

Андан сырткары даярдоочу ишканалардын адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларын электрондук башкаруудагы троллейбусту колдонуу боюнча окутушкан.

Бишкектеги жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы азырынча колдонууга бериле элек.

Пикир

Оставить комментарий