• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан 175 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-июль күнү Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан 175 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, бул каттам менен Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Корея Республикасы, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцариядагы Кыргызстандын жарандары транзит аркылуу кайтарылган.

Дубай шаарындагы аэропортто каттоодон өтөрдүн алдында Бириккен Араб Эмираттарынан кетип жаткан жарандар коронавируска экспресс-тест тапшырып анын жыйынтыгы таза чыккан.

Министрликтен билдиришкендей, чет жерде жүргөн жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий