• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке дагы 78 кычкылтек концентратору алынып келинди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Пикир

Оставить комментарий