• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Даламандан биринчи чартердик каттам учуп келди

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Даламанга 178 жүргүнчү учуп кетти.

“Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты”, - деп билдиришти аэропорттон.

Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарат.

Иш-чарага транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Айбек Байышбаев, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш иштер боюнча орун басары Расул Мамашов, Roxiana Travel Company башкармалыгынын төрагасы- башкы директор Тавфикбек Азизов, Түркиянын туризм министринин кеңешчиси Ахмет Хамди жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий