• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Делиден кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Дели – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 64 кыргыз жараны кайтарылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган», - деп айтылат маалыматта.

ТИМдин басма сөз кызматынан коушумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий