• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекке Дубайдан 177 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 177 жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

"Бишкекке 177 кыргызстандык учуп келди. COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 26-апрелден 3-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан мурда жетишилген макулдашуунун алкагында КРнын 361 жараны Кыргызстанга кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий