• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекке Дубайдан Кыргызстандын 142 жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда “Fly Dubai” авиакомпаниясынын “Дубай – Бишкек” багыты боюнча Кыргызстандын 142 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн БАЭ менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Аталган каттам менен АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Арабия, Германия, Түштүк Корея, Камбоджа, Пакистан, Мальдив, Бахрейн өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар да кайтарылды. 31-июлда “Дубай – Бишкек” каттамы менен БАЭ менен авиакаттамдарды жандандырган өлкөлөрдө жүргүн кыргыз жарандары келери күтүлүүдө.

"Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп кошумчалашты ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий