• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Дубайдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда Дубайдан (Бириккен Араб Эмираттары) Бишкекке 191 кыргызстандык жаран алынып келди, алардын ичинде кичинекей балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар «FlyDubai» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

"Бул каттам эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды",- деп айтылат маалыматта.

Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, рейстин бардык жарандары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий