• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекке Египеттен 47 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнь күнү Бишкекке Египеттен 47 жаран (анын ичинде кичинекей балдар) кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандарды мекенге кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн.

Кыргызстандык жарандар (26 студент жана 21 жаран) египеттик "Air Cairo” авиакомпаниясынын учагы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы аэропортко учуп келип, андан кийин ал жактан Бишкекке атайын унаа менен алынып келген.

Кайтып келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынат.

Пикир

Оставить комментарий