• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Екатеринбургдан 154 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта Кыргызстанга «Авиатраффик» авикомпаниясынын чартердик каттамы менен Екатеринбургдан 154 кыргызстандык учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен Бишкекке курч муктаждыктары бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Курган, Пермден жана башка шаарлардан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий