• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Екатеринбургдан 183 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта, Бишкекке Екатеринбургдан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 183 кыргызстандык учуп келди, анын ичинде жаш балдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Авиакаттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Бул каттам менен Бишкекке Россияда окуган студенттер, Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Надым, Курган жана Пермден (ар кандай оорулары бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улуу курактагылар, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар энелер, ошондой эле турмуштук оор шарттагы жарандар) кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Урал федералдык округундагы кыргыз жарандарын кайтып келүүсү жана мекенине кайтып келүүнү каалагандар боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий