• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкекке Кыргызстандын 186 жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен оруссиянын Урал федералдык округундагы жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмен, Челябинск, Сургут, Новый Уренгой, Курган, Ноябрьск, Пермь Салехарддеги жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Авиатраффик» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

Бул каттам менен ошондой эле Бишкек шаарына Россиядагы мекендештердин арасынан медкызматкерлер (2 дарыгер, 2 фельдшер жана медайым) коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий