• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын 299 жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Екатеринбургдан 299 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чартердик каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Бул каттам менен Бишкекке Россияда окуган студенттер, Екатеринбург, Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьск, Жаңы Уренгой жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал аба жолдору» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий