• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Екатеринбургдан жана Россиянын бир катар шаарларынан 188 кыргыз жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Екатеринбургдан Бишкекке «Авиатрафик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 188 кыргызстандык, анын ичинде жаш балдар мекенине келишти. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Рейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермиден кайтууга өзгөчө муктаж болгон КР жарандары келишти (ар кандай оорусу бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдагы жарандар).

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын, кыргыз диаспора уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда "Авиатрафик" компаниясынын каттамдарына мурда сатылып алынган авиабилеттердин болушу эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий