• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке эки жаңы вице-мэр дайындалды

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев башка ишке которулганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба маселеси боюнча биринчи вице-мэри болуп Жамалбек Ырсалиев Жамалбек дайындалды, мурда ал вице-мэр кызматын ээлеп турган.

Максатбек Сазыкулов экономика жана финансы маселеси боюнча борбор калаанын вице-мэри болуп дайындалды. Ал мурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өнүктүрүү департаментинин жетекчиси кызматын аркалаган. Ошондой эле Сазыкулов КР мамлекеттик кызматынын отличниги болуп саналат.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, тиешелүү буйруктарга калаа мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий