• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти келди

Спорт 0

Бишкек, 19-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти Чой Жунг Хва катышкан эл аралык инструктордук-техникалык семинар өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР таэквондо федерациясынын президенти Эдуард Хегай билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкекке Эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти Чой Жунг Хва жана Москвадан Эл аралык федерациянын 1-вице-президенти Вольмир Легай келишкен.

“19-20-апрелде Бишкекте Эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти Чой Жунг Хва катышкан эл аралык инструктордук-техникалык семинар өтөт. Ага катышууга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Канада, Чехия жана Американын өкүлдөрү келишти”, - деди ал.

Э.Хегай 22-23-апрелде таэквондо-ITF боюнча КРнын ачык чемпионаты өтүп, анда Чой Жунг Хва Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча мелдештерди өткөрүү деңгээлин көрө тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, Э.Хегай үстүбүздөгү жылдын жайында Сеулда Азия Чемпионаты өтүп, анда 2019-жылдагы биринчиликтин күнү жана жери белгиленерин кошумчалады.

“Биз Азия Чемпионатын 2019-жылы Ысык-Көлдө өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошондуктан, жетекчиликти келип, деңгээлибизди баалап жана уруксат берүүгө чакырдык”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий