• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Европа биримдигинин жогорку комиссары Федерика Могерини келет

Саясат 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Бишкекке Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр билдирди.

Ал белгилегендей, Могерини Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин конференциясына катышуу үчүн жай айында келет.

"Бул жолугушу жыл сайын кезек менен Брюссель жана Борбор Азиянын бир өлкөсүндө өтүп турат. Бул жылы ал иш-чара Кыргызстанда өтөт. Анын күн тартиби азырынча толук тактала элек. Негизи, беш тышкы иштер министри менен Евросоюз аймактык кызматташуу, глобалдык, коопсуздук жана айлана-чөйрө маселелерин талкуулашат", - деди ал.

Ошондой эле ал Федерика Могерини Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугарын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий