• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Германиядан туристтик поезд келди

Коом 0

Бишкек, 06.10.17./Кабар/. Бүгүн борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетине Алматы шаарынан атайын туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын негизги багыты: “Алматы-Бишкек-Ташкент-Ашхабад-Ташкент-Алматы” шаарларын көздөйт. Ошондой эле Самарканд, Бухара, Ургенч жана Мары тарыхый шаарларын басып өтөт.

“Туристтик поезд Orient Silk Road Express деп аталып аны немец туристтик фирмасы уюштурган. Негизги максаты - чыгыш багыты боюнча Улуу жибек жолундагы тарыхый шаарлар менен чет өлкөлүк туристтерди тааныштыруу”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, аталган туристтик поезд менен Бишкек шаарына 50 жаштагы жогору 92 чет өлкөлүк турист келген. Алар үчүн вип-вагондор тандалып алынып, бардык ынгайлуу шарттары түзүлүп берилген. Чет элдик коноктор Бишкек шаарын көрүп, “Ала-Арча” жаратылыш багында болушат. Ошондой эле кыргыздын жашоосу менен жакындан таанышып, Бишкек шаарынан Ташкентти көздөй жөнөп кетишет.

Пикир

Оставить комментарий