• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Якутиядан Кыргызстандын 170 жараны келди

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда Бишкекке Якутиядан 170 кыргызстандык келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Якутия» авиакомпаниясынын Якутия-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 170 жараны мекенине кайтарылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине якут ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер – Кыргызстан жарандары, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия тарап менен өз ара аракеттешүүсүндө жана “Саха Республикасынын "Манас" кыргыз диаспорасынын көмөктөшүүсү менен уюштурулду».

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий