• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам чет элдик мамлекеттерден КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, бүгүн, 3-августта КР Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 кыргыз жаранын кайтарып келүү иши аткарылды.

КР жарандары Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий